ТИКА Сомалиде майыптарга дөңгөлөктүү отургучтарды берди

Дөңгөлөктүү отургучтарды тапшыруу аземине Түркиянын Могадишодогу элчиси Мехмет Йылмаз жана ТИКАнын Сомали координатору Илхами Турус катышты.

1746873
ТИКА Сомалиде майыптарга дөңгөлөктүү отургучтарды берди

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА) Сомалиде муктаж болгондорго дөңгөлөктүү отургуч жагынан жардам көрсөттү.

Дөңгөлөктүү отургучтарды тапшыруу аземине Түркиянын Могадишодогу элчиси Мехмет Йылмаз жана ТИКАнын Сомали координатору Илхами Турус катышты.

Аземде сөз сүйлөгөн Турус: «Майып болуу бул кемчилик эмес. Эң негизгиси биздин ички сезимибиздин, жүрөгүбүздүн майып болбошу»,-деди.

Сомалинин ар кайсы аймактарында муктаждардын пайдалануусу үчүн 100гө жакын дөңгөлөктүү отургучтарды жеткиргендерин билдирген Турус, майыптардын саясий, экономикалык жана социалдык тармактарда дагы активдүү болушу үчүн аракет кылып жаткандарын кошумчалады.



Тектеш кабарлар