Кытайдын төрагасы Путин менен жолугушат

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы маалымат берди.

1746603
Кытайдын төрагасы Путин менен жолугушат

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 15-декабрда орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен онлайн жолугушуу өткөрөт.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хуа Чуньин, Си менен Путиндин онлайн жолугарын билдирди.

Басма сөз катчысы Хуа белгилегендей, 15-декабрда боло турган жолугушууда лидерлер эки тараптуу мамилелерди, аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулашат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү болгон эки өлкөнүн лидерлеринин сүйлөшүүсү, эки өлкөнүн тең АКШ менен акыркы мезгилдеги чыңалган мамилелеринен улам күчтөрдүн тең салмактуулугу жагынан абдан маанилүү.

Президент Си 16-ноябрда америкалык кесиптеши Жо Байден менен 3,5 саатка созулган онлайн жолугушуу өткөргөн.

Путин да Байден менен 7-декабрда онлайн жолуккан.

Жыл аягына чейин эки өлкөнүн лидерлеринин бетме-бет жолугушуу өткөрүшү мүмкүн экени билдирилген.  



Тектеш кабарлар