Австралия менен Түштүк Кореянын ортосунда келишим түзүлдү

Мун Чжэ Ин Австралиянын борбору Канберрада расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

1746655
Австралия менен Түштүк Кореянын ортосунда келишим түзүлдү

Австралия менен Түштүк Кореянын ортосунда болжол менен 720 миллион долларлык (бир миллиард Австралия доллары) коргоо өнөр жайы келишимине кол коюлганы маалымдалды.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Австралиянын борбору Канберрада расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон пресс-конференцияда, Мун Чжэ Ин менен болгон сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында болжол менен 720 миллион долларлык коргоо өнөр жайы келишимине кол коюшкандарын билдирди.

Моррисон, келишимдин алкагында Виктория штатынын Гилонг ​​аймагында зооттолгон унаа чыгаруучу ишкана курула турганын айтты.

Бул ишкананын Австралиянын коргоо өнөр жайынын маанилүү бөлүгүн түзөрү белгиленди.

Түштүк Кореянын Hanwha компаниясы кура турган объектилердин курулушун келерки жылы баштоо пландалууда.



Тектеш кабарлар