Кытайда 3 балалуу болуу талашы...

Мамлекеттик маалымат сайтында жарыяланган макалада «Бардык партия мүчөлөрү 3 балалуу болушу керек, мүчөлөрүнүн бойдок калышына, бир же эки балалуу болушуна жол берилбеши керек», деп жазылган.

1746271
Кытайда 3 балалуу болуу талашы...

Кытайдын Коммунисттик партиясынын 95 миллион мүчөсүнөн өлкө кызыкчылыгы үчүн 3 балалуу болуу өтүнүчү талаш-тартыштарды жаратты.

Мамлекеттик маалымат сайтында жарыяланган макалада «Бардык партия мүчөлөрү 3 балалуу болушу керек, мүчөлөрүнүн бойдок калышына, бир же эки балалуу болушуна жол берилбеши керек», деп жазылган.

Өткөн айда жарык көргөн, бирок күтүүсүздөн социалдык тармактарда актуалдуу маселеге айланган макала катуу сынга кабылганда басылмадан чыгарылган.

Айтылган сын-пикирлерде өлкөдөгү жашоо жана билим берүү чыгымдары алдыңкы планга чыкты.

Кытайда бир топ убакыттан бери өкмөтү калктын улгайып, төрөлүү көрсөткүчүнүн төмөндөшүнө даба издеп келет.

Былтыркы эл каттоодо калктын 18 пайызын 60 жаштан жогоркулар түзөрү аныкталган.

Пекин администрациясы 2016-жылы төрөткө дем берүү үчүн бир бала саясатын токтотуп, жаңы төрөт стимулдарын киргизген.

Жаш калктын жана жумушчу күчтүн азайышы жана улгайган калктын көбөйүшү экономика үчүн кошумча жүктү билдирет.



Тектеш кабарлар