АКШда бороон болуп, 50дөн ашуун адам каза болду
АКШнын Кентукки штатында болгон бороондо эң аз 50 кишинин каза болгону жарыяланды.
1746119
АКШнын Кентукки штатында болгон бороондо эң аз 50 адамдын каза болгону жарыяланды.
Кентукки штатынын губернатору Энди Бешир бороондон улам аймакта өзгөчө кырдаал жарыялады.
Губернатор бороондон кеминде 50 адамдын каза болгонун жарыялады.
Бороон Арканзас, Теннесси, Миссори жана Иллиноисте да таасирдүү болду. Арканзас штатында болгон бороондун бир карылар үйүнө алып келген зыяндын натыйжасында 2 адам каза болуп, 5 адам жаракат алды.
Жума күнү бороон тууралуу эскертүү берилген штаттарда да көптөгөн имараттар талкаланган.