АКШ Грецияга 9,4 миллиард долларлык аскердик кеме сатышын бекитти

АКШнын тышкы иштер министрлиги Грецияга 6,9 миллиард долларлык 4 даана аскердик кеменин сатышы менен 2 ,5 миллиард долларлык модернизация операцияларын бекитти.

1746074

АКШнын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Грецияга потенциалдуу аскердик кеме сатуу жана учурдагы кемелердин модернизациясына байланыштуу билдирүү АКШ Конгрессине сунушталды.

Бекитүүдө Грецияга 6,9 миллиард долларлык "Меко" классындагы 4 аскердик кемени сатуу жана 2,5 миллиард долларлык модернизациялоо камтылган.

Маалыматта : "Бул сатуу Европадагы саясий туруктуулук жана экономикалык процесс үчүн маанилүү өнөктөш болгон  НАТО союздашынын коопсуздугун жакшыртуу аркылуу АКШнын тышкы саясатын жана улуттук коопсуздук максаттарын колдойт",- билдирилди.

Сөзү болгон сатуулардын ишке ашырылышы үчүн Конгресстин тийиштүү комитеттеринин 30 күндүн ичинде бул бекитүүлөргө нааразычылык билдирбеши керек.

Тектеш кабарлар