Байдендин кызматкерлерге киргизген эмдөө милдеттенмесин жокко чыгарган мыйзам долбоору бекитилди

Сенаттын Башкы ассамблеясында өткөрүлгөн добуш берүүдө мыйзам долбоору 52 «макул», 48 «каршы» добуш менен кабыл алынды.

1745007
Байдендин кызматкерлерге киргизген эмдөө милдеттенмесин жокко чыгарган мыйзам долбоору бекитилди

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Сенаты, президент Жо Байдендин 100дөн ашык кызматкери бар ишканалардын жумушчулары үчүн коронавируска (Ковид-19) каршы эмдөөдөн өтүү талабын жокко чыгарган мыйзам долбоорун кабыл алды.

Сенаттын Башкы ассамблеясында өткөрүлгөн добуш берүүдө мыйзам долбоору 52 «макул», 48 «каршы» добуш менен кабыл алынды.

100 орундуу Сенаттын жарымын түзгөн республикачылардын баары мыйзам долбооруна “макул” деп добуш беришсе, демократ-сенаторлор Жон Тестер менен Жо Манчиндин да республикачылардар менен бирге добуш бериши көңүлдү бурду.

Бул мыйзам долбоору андан аркы бекитүү үчүн Өкүлдөр палатасынын Башкы ассамблеясына жөнөтүлдү.

Байден сентябрь айында эмдөөдөн өтүүнүн 100дөн ашык жумушчусу бар ишканалар үчүн милдеттүү болорун жарыялаганда республикачылардын реакциясын жараткан болчу.



Тектеш кабарлар