Япониялык миллиардер Маэзава жана анын жардамчысы космоско учту

Алар Эл аралык космос станциясында 12 күн болуп 20-декабрда жерге кайтып келишет.

1744661
Япониялык миллиардер Маэзава жана анын жардамчысы космоско учту

Япониялык миллиардер Юсаку Маэзава жана анын жардамчысы Йодзо Хирани Орусиянын «Союз МС-20» кемеси менен космоско саякатка чыгышты.

Казакстандын Байконур космодромунда Түркия убактысы боюнча саат 10738де болгон учуруу аземи Орусиянын Федералдык космос агенттиги Роскосмостун расмий сайтында түз эфирде көрсөтүлдү.

Орус космонавты Александр Мисуркиндин жетекчилигинде «Союз МС-20» кемеси менен космоско сапарга чыккан япониялык миллиардер Маэзава жана анын жардамчысы Хиранонун Эл аралык космос станциясына (ЭКС) болжол менен 6 саатта жетиши күтүлүүдө.

Ушундайча ЭКС 2009-жылдан бери биринчи туристтерди кабыл алат.

Москвадагы «Юрий Гагарин» атындагы космонавттарды даярдоо борборунда 6 айга жакын машыгуудан өткөн япониялык миллиардер Маэзава жана анын жардамчысы станцияда 12 күн болуп 20-декабрда жерге кайтып келишет.



Тектеш кабарлар