БУУ: Ооганстандан чыгып кетүүгө аракет кылгандардын саны көбөйдү

БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги брифингде Гранди Ооганстандагы кырдаалдын жаңы качкындар кризисине алып келиши мүмкүн экенине көңүл бурду.

1744474
БУУ: Ооганстандан чыгып кетүүгө аракет кылгандардын саны көбөйдү

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди, Ооганстанда акыркы жумаларда өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылгандардын санынын көбөйгөнүн билдирди.

БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги брифингде Гранди Ооганстандагы кырдаалдын жаңы качкындар кризисине алып келиши мүмкүн экенине көңүл бурду.

Гранди Ооганстанда 23 миллион кишинин ачарчылыкта жашап жатканын, баш калкалоочу жай, таза ичүүчү суу жана саламаттык сактоо кызматтарына жетүүдө кыйынчылыктарга туш болгонун белгилеп, 3,5 миллион кишинин кагылышуулардан улам жер которгон болушу мүмкүн экенин айтты.

Экономиканын гуманитардык жардам менен куткарыла албастыгын баса белгилеген Гранди: «Ооганстандагы бул негизги маселеге карата жай прогресс өтө кооптуу»,- деди.

Филиппо Гранди: «Акыркы апталарда өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган оогандардын санынын көбөйгөнүн байкадык. Мамлекет менен экономикадагы терең жана чоң жарылуунун кошуна өлкөлөргө, атүгүл андан тышкары өлкөлөргө качкындардын агымын жаратышы мүмкүн», - деди.



Тектеш кабарлар