Евробиримдиктен Украинага коопсуздук боюнча жардам

Жардамдар аскердик потенциалын жана коргонуусун күчтөндүрүү менен тынчтыкты колдоону максат кылууда.

1742313
Евробиримдиктен Украинага коопсуздук боюнча жардам

Европа Биримдиги (ЕБ) Украинага коргонуусун бекемдөө жана тынчтыкка салым кошуу үчүн 31 миллион евролук жардам көрсөтөрүн жарыялады.
Европа Кеңешинин жазуу түрүндөгү маалыматына караганда Грузия, Молдова жана Мали менен катар Украинаны камтыган жардамдар бул өлкөлөрдүн аскердик потенциалын жана коргонуусун күчтөндүрүү менен тынчтыкты колдоону максат кылууда.

Өзгөчө кырдаалдарда колдонула турган көчмө ооруканалар жана логистикалык бөлүмдөр сыяктуу аскердик медициналык бөлүктөрдүн каржыланышы үчүн 31 миллион евролук грант Украинага 36 айдын ичинде берилет.

Ушул эле максатта жана ошол эле мөөнөттө Грузияга 12 миллион 750 миң евро, Молдовага 7 миллион евролук жардам көрсөтүлөт.

Малиге болсо 24 миллион евро өлчөмүндөгү жардам 30 айлык мөөнөттө Евробиримдиктин билим берүү миссиясынын алкагында берилет.



Тектеш кабарлар