ДССУ: «Дельта вариантына каршы көрүлгөн чаралар Omicron үчүн да колдонулат»

Дельта вариантындагы тажрыйбанын Omicron менен күрөшүүдө жол көрсөтүүчү болору билдирилди.

1742524
ДССУ: «Дельта вариантына каршы көрүлгөн чаралар Omicron үчүн да колдонулат»

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Тынч океан аймагындагы кээ бир өлкөлөр тарабынан кабыл алынган чек араны жабуу чараларынын, коронавирустун (Ковид-19) Omicron варианты менен күрөшүүдө убакытты үнөмдөөгө жардам берерин бирок Дельта вариантындагы тажрыйбанын жол көрсөтүүчү болорун билдирди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Тынч океандын батыш аймагы боюнча директору доктор Такеши Касаи 26-ноябрда өткөргөн онлайн пресс-конференцияда, аймактагы кээ бир өлкөлөр кескин олку-солкулукка туш болуп жатса, берки көптөгөн өлкөлөрдө Ковид-19 учурлары жана өлүмү азайып же туруктуу бойдон калганын айтты.

Omicron варианты кооптуу деп табылганын баса белгилеген Касаи: «Чек ара көзөмөлү вирустун өлкөгө кирүүсүн кечеңдетип, убакытты үнөмдөйт. Бирок ар бир өлкө жана коомчулук жаңы учурлардын көбөйүшүнө даяр болушу керек»,- деди.

Касаи жаңы вариант көбүрөөк жугуштуу болушу мүмкүн болгондуктан, көбүрөөк тесттер жана байкоолор өтө маанилүү экенин айтты.

ДССУнун Өзгөчө кырдаалдар боюнча аймактык директору доктор Бабатунде Оловокюр болсо, Дельта вариантындагы тажрыйбанын Omicron менен күрөшүүдө жол көрсөтүүчү болорун билдирди.



Тектеш кабарлар