Блинкен Иранды өзөктүк келишимге кайтууга үндөдү
Блинкен, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Израилдин тышкы иштер министри Яир Лапид менен жолугушкандан кийин маалымат жыйын өткөрдү.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Ирандын 2015-жылы кол коюлган өзөктүк келишимге кайтып келишин талап кылып, Тегеран жетекчилигинин сүйлөшүүлөргө катышууга дагы деле убактысы бар экенин айтты.
Швециянын борбор шаары Стокгольмдо Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин 28-жыйынына катышкан Блинкен, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Израилдин тышкы иштер министри Яир Лапид менен жолугушкандан кийин маалымат жыйын өткөрдү.
Сүйлөшүүлөрдө Иран темасынын талкууланганын белгилеген Билинкен, 2015-жылдагы өзөктүк келишимге кайтуу үчүн Ирандын сүйлөшүүлөргө жакшы ниет менен катышып же катышпай турганын 2 күндүн ичинде биле турганын айтты.
Блинкен Ирандын Вена сүйлөшүүлөрүнө маңыздуу катышуусуна дагы деле убакыты бар экенин кошумчалады.
Орусиянын акыркы жумаларда Украина чек арасында күчөгөн аскердик иш-аракеттеринен да терең тынчсызданышкандарын белгилеген Билинкен: «Акыркы жумаларда Орусия Украина чек арасына аскердик күчтөрүн топтоп жатат. Биз Украинанын көз карандысыздыгын жана эгемендигин колдойбуз. Бул кризистин дипломатиялык жол менен чечилишин каалайбыз. Чечим үчүн эки тарап менен тең сүйлөшүүгө даярбыз. Украинанын Орусияга кандайдыр бир коркунуч жаратарына ишенбейбиз»,-деди.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.