Зеленский: «Орустар менен түз сүйлөшүүдөн коркпойбуз»

Зеленский парламенттеги жылдык кайрылуусунда Донбасстагы кырдаалга баа берди.

1741549
Зеленский: «Орустар менен түз сүйлөшүүдөн коркпойбуз»

Украинанын президенти Владимир Зеленский, Донбасстагы согушту Орусия менен түз сүйлөшүүсүз токтото албай тургандарын билдирди.

Зеленский парламенттеги жылдык кайрылуусунда Донбасстагы кырдаалга баа берди.

Донбасста согуштун 8 жылдан бери уланып жатканын белгилеген Украинанын лидери, орустар менен түз сүйлөшүүдөн коркпой турганын айтты.

Зеленский армиясыз согушту токтото албай тургандарын баса белгилеп: «Эгер биз Донбассты кайтарууну кааласак, бири-бирибизге чындыкты айтуудан коркпошубуз керек»,- деди.

Орусия менен түз сүйлөшүүсүз согушту токтото албай тургандарын айткан Зеленский муну бардык чет элдик өнөктөштөр түшүнүп жатканын, бирок өлкөнүн ичиндеги айрымдары түшүнбөй турганын белгиледи.

Кайсы Европа өлкөлөрүнүн чындап колдоо көрсөтүп, кайсынысы роль ойноп жатканын билгендерин баса белгилеген Зеленский өздөрүн колдогондорго ыраазычылык билдирди.


Этикеткалар: #Донбасста согуштун

Тектеш кабарлар