ДССУнун эскертүүсү

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму саякатка чектөөлөр Африка өлкөлөрүндөгү жашоо булактарына жана жеткирүү түйүндөрүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн деген негизде чек араларды жаппоого чакырды.

1740020
ДССУнун эскертүүсү

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму (ДССУ) коронавирустун (Ковид-19) Omicron вариантынын тезирээк жайылганына жана Delta баш болгон Ковид-19нун берки варианттарына караганда оор ооруга себеп боло турганына байланыштуу так далилдер жок экенин билдирди.

ДССУнун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Omicron варианты пайда болгон Африка континентинин түштүгүндөгү өлкөлөргө карата саякатка тыюу салуунун колдонула башташы сынга алынды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму саякатка чектөөлөр Африка өлкөлөрүндөгү жашоо булактарына жана жеткирүү түйүндөрүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн деген негизде чек араларды жаппоого чакырды.

Билдирүүдө бул абалдын Omicron же башка факторлордон улам келип чыкканын түшүнүү үчүн изилдөөлөрдүн уланып жатканы айтылды.

ДССУ ошондой эле Omicronдун Ковид-19нун башка варианттарына салыштырмалуу оор ооруну пайда кылып же кылбашынын азырынча так эмес экенин билдирди.



Тектеш кабарлар