Швециянын биринчи аял премьер - министри шайлангандан 7 сааттан кийин кызматынан кетти
Жашылдар партиясы өкмөттун составынан чыккандан кийин премьер - министр Андерссон кызматтан кеткендигин жарыялады.
Швецияда биринчи аял премьер - министр болуп шайланган Магдалена Андерссон 7 сааттан кийин кызматтан кеткенин жарыялады.
Социал - демократиялык партиянын лидери Андерссон кечээ эртең мененки парламенттик добуш берүүнүн жыйынтыгында ишеним добушун алуу менен Швециянын биринчи аял премьер - министри болуп шайланды.
Андан соң коалициялык өкмөттүн өнөктөшү Жашылдар партиясы оңчул партия даярдаган бюджет парламенттен өткөндөн кийин өкмөттөн чыкканын жарыялады.
Жашылдар партиясы өкмөттун составынан чыккандан кийин премьер - министр Андерссон кызматтан кеткендигин жарыялады.
Ошентип, Андерссондун премьер-министрлиги 7 саатка созулду.
Жашылдар партиясынын тең төрагасы Пер Болунд :"Оңчул париялар түзгөн бюджет менен өлкөнү башкаргыбыз келбейт, ошондуктан өкмөттөн кетүүнү туура көрдүк" ,- деди.