Бельгия менен Израилдин ортосунда этикетка кризиси чыкты

Бул тууралуу маалымат Бельгиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө орун алды.

1738823
Бельгия менен Израилдин ортосунда этикетка кризиси чыкты

Бельгия, Европа Биримдиги (ЕБ) комиссиясынын оккупацияланган аймактардан экспорттолгон продукцияларда «Израилде жасалган» белгисин колдонууга бөгөт койгон чечимин ишке ашырганын жана саясаттарынын өзгөрбөгөнүн жарыялады.

Бельгиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, борбор шаар Брюсселге  Израилдин тышкы иштер министринин орун басары Идан Ролл Батыш Шериадагы Израилдин мыйзамсыз жөөт отурукташкан жерлеринде өндүргөн продукцияларына «Израилде жасалган» дегендин ордуна Бельгиянын «Отурукташкан конуштарында жасалган» деген мөөр басуу  чечимине байланыштуу аны  жоюу иретинде келген.

Бельгиянын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн жогорку тираждуу Le Soir гезитине жасаган билдирүүсүндө, «Бельгиянын саясаты өзгөргөн жок жана бул «сегрегация» көп жылдардан бери жазуу түрүндө күчүндө» деп айтылды.

Le Soir гезитинин башка бир кабарына караганда, Бельгия мындай чечимди Евробиримдик комиссиясынын мындан бир жылдай мурда жарыялаган көрсөтмөсүнө ылайык кабыл алды.

Израилдин Jerusalem Post гезитинин кечээки кабарына караганда Израилдин министри жогоруда айтылган абалдан кийин Бельгияда тышкы иштер министрлиги жана парламенти менен болгон байланыштарын токтотту.

Европа соту 2019-жылы Израилдин Батыш жээгинен жана 1967-жылы оккупацияланган аймактардан ЕБге импорттолгон тамак-аш азыктары атайын маркировкаланышы керек деген чечим чыгарган.



Тектеш кабарлар