Сомалидеги кургакчылыктан улам миллиондогон бала коркунуч астында

Сомалиде кургакчылыкка байланыштуу азык - түлүк кризисинен улам миллиондогон баланын коркунучта экени эскертилди.

1738178
Сомалидеги кургакчылыктан улам миллиондогон бала коркунуч астында

Сомалиде кургакчылыкка байланыштуу азык - түлүк кризисинен улам миллиондогон баланын коркунучта экени эскертилди. Эл аралык Save The Children коомдук уюмунун Сомалидеги кургакчылыкка байланыштуу билдирүүсүндө өлкөдө калктын дээрлик жарымынын кургакчылык жана терс таасирлери менен күрөшүп жатканы белгиленди.

Билдирүүдө өлкөдөгү кургакчылыктын эң көп балдарды таасирленткендиги,  миллиондогон баланын коркунучта экендиги белгиленди.

Өлкөнүн көп жеринде таза суунун жок экендигине, үй-бүлөлөрдүн тамак таба албай калганына көңүл бурган уюм, Сомалидеги балдарды кургакчылык жана анын кесепеттеринен коргоо үчүн чукул жардам берүүгө  чакырды.

Сомали өкмөтү 23 - ноябрда таасирин күчөткөн кургакчылыктан улам өлкө боюнча «өзгөчө кырдаал» жарыялады.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, 2020 - жылдын аягынан бери үчүнчү жолу мезгилдүү жаан - чачын жетиштүү  болбогондуктан өлкөдө миллиондогон адамдар чукул жардамга муктаж.

Сомалиде 1990 - жылдан бери климаттын өзгөрүшүнөн улам сел жана кургакчылык сыяктуу 30дан ашык табигый кырсыктар болду.



Тектеш кабарлар