ЮНИСЕФ: «Нигерияда 1440 окуучу уурдалып кетти»

ЮНИСЕФ тарабынан жарыяланган отчетто, Нигерияда мектептерди бутага алган кол салуулардын күчөгөнү белгиленди.

1737898
ЮНИСЕФ: «Нигерияда 1440 окуучу уурдалып кетти»

Нигерияда быйыл 1440 окуучу уурдалып кетти.

ЮНИСЕФ тарабынан жарыяланган отчетто, Нигерияда мектептерди бутага алган кол салуулардын күчөгөнү белгиленди.

Отчетто өлкөдө январдан бери 25 башка мектепке кол салуулар болгону жана бул кол салууларда 1440 окуучунун уурдалып кеткени айтылды.

Батыш Африка өлкөлөрүндө көптөгөн жылдардан бери уланып келе жаткан кагылышуулардан көбүнчө балдардын жабыркандыгы билдирилген отчетто, өкмөткө ушул сыяктуу окуяларга бөгөт болуу үчүн шашылыш чара көрүү чакырыгы салынды.


Этикеткалар: #окуучу уурдалып

Тектеш кабарлар