Беларусь-Польша чек арасындагы акыркы кырдаал

Беларустун Мамлекеттик чек ара комитети видео бөлүшүүсүн жарыялады.

1738149
Беларусь-Польша чек арасындагы акыркы кырдаал

Беларусь-Польша чек арасында Европага көчүүнү каалагандар Европа Биримдигинин (ЕБ) чек араларынан артка сүрүлүп чыгарылганы жана бул куралсыз топторго каршы жардыргыч заттардын колдонулушу уланганы жарыяланды.

Беларустун Мамлекеттик чек ара комитетинин видео бөлүшүү билдирүүсүндө, түн жарымында Польша чек арасындагы Беларустун аймагына баруудан баш тарткан топ Польшанын чек ара тосмолорунун жанында калып, Польшанын аймагында баш калкалаганы айтылды.

Билдирүүдө, «Поляк аскерлери качкындарды таратуу үчүн Беларустун аймагына чек ара сызыгынан жардыргыч заттарды ыргытып, көздөн жаш агызуучу газ колдонду»,делди.

Мындай аракеттер башпаанек издегендердин реакциясын күчөтүп, чек арада провокацияга өбөлгө түзөөрү баса белгиленди.

«Польша чек арадагы куралсыз адамдарга каршы атайын техниканы биринчи жолу колдонуп жаткан жок. Поляк тараптын жардыргыч заттарды, үн бомбаларын, суу аткычтарын жана газды колдонуусу эл аралык мыйзамдарды бузуп, коргонуусуз качкын топторуна каршы түз чабуулду түзөт», деп айтылган билдирүүдө.



Тектеш кабарлар