АКШ Босния Герцеговинанын эгемендик жана жеринин бүтүндүгүн колдойт

Америка Кошмо Штаттары  Босния жана Герцеговинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын кайталады.

1737446
АКШ Босния  Герцеговинанын эгемендик жана жеринин бүтүндүгүн колдойт

Америка Кошмо Штаттары  Босния жана Герцеговинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын кайталады.

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Босния жана Герцеговинанын Жогорку өкүлү Кристиан Шмидт менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө АКШнын Босния жана Герцеговинанын эгемендүүлүгү жана аймактык бүтүндүгү үчүн колдоосун билдирди.

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Эмили Хорн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Салливан менен Шмидттин кечээ сүйлөшүү өткөргөндүгүн  айтты.

Салливандын Жогорку өкүлгө АКШнын колдоосун жана Дейтон тынчтык келишиминин ишке ашырылышына карата колдоосун да айткандыгын белгилеген Хорн : «Салливан менен Шмидт Босния жана Герцеговинанын эгемендиги менен жеринин бүтүндүгүнө карата убадаларын дагы бир жолу кайталашты»,- деди.

Коррупция менен күрөшүү жана жарандык коомду колдоо зарылчылыгы темасында эки ысымдын макулдашканын белгилеген Хорн: «Салливан менен Шмидт кызмат көрсөтүү, туруктуулукту жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу, Босния жана Герцеговинанын бардык элдери үчүн тынчтыкты жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу максатында мекемелердин иштешинин маанилүүлүгүн талкуулашты»,- деп маалымдады.  



Тектеш кабарлар