Иран Перс булуңунда бир кемени конфискациялады

150 миң литр мыйзамсыз дизель ташыган кеме Ирандын түштүгүндөгү Перс булуңундагы Хормузган провинциясынын Парсиян районунда колго түшүрүлдү.

1736345
Иран Перс булуңунда бир кемени конфискациялады

Иран Перс булуңунда аткезчилик жол менен күйүүчү май ташып бараткан кемени 11 экипажы менен кармаганын жарыялады.

Иран мамлекеттик телеканалынын кабарына караганда, 150 миң литр мыйзамсыз дизель ташыган кеме Ирандын түштүгүндөгү Перс булуңундагы Хормузган провинциясынын Парсиян районунда колго түшүрүлдү.

Кармалган кеменин бортундагы 11 чет элдик жаран кармалып, соттоо үчүн   тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.



Тектеш кабарлар