Зеленский Орусиянын 23 жаранына санкция киргизүү чечимин күчүнө киргизди

Зеленский күчүнө киргизген санкцияга ылайык, Орусиянын 23 жана Украинанын 5 жараны 3 жылга жазаланат.

1735738
Зеленский Орусиянын 23 жаранына санкция киргизүү чечимин күчүнө киргизди

Украинанын президенти Владимир Зеленский 23ү орусиялык 28 кишиге санкция киргизүү чечимин күчүнө киргизди.

Украина Президенттигинин билдирүүсүндө, чечимдин Улуттук коргоо жана коопсуздук кеңешинин 20-августтагы чечимине ылайык кабыл алынганы белгиленди.

Зеленский күчүнө киргизген санкцияга ылайык, Орусиянын 23 жана Украинанын 5 жараны 3 жылга жазаланат.

Улуттук Коргоо жана коопсуздук кеңешинин төрагасы Олеский Данилов 20-августта Орусия тарабынан мыйзамсыз аннексияланган Крым менен орусиячыл жикчилдердин көзөмөлүндөгү Донбасста айрым орус чалгын кызматкерлерине, сотторго жана медиа өкүлдөрүнө санкция киргизүү чечимин чыгаргандарын жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар