Эпидемия мезгилинде балдарда ашык семирүү

Британия жана Америка Кошмо Штаттарында  жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, кыймылсыздык жана туура эмес тамактануу балдардын семирүүсүндө таасирдүү болду.

1735603
Эпидемия мезгилинде балдарда ашык семирүү

Ковид-19 эпидемиясында балдардын семирүүсү көбөйдү.

Британия жана Америка Кошмо Штаттарында  жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, кыймылсыздык жана туура эмес тамактануу балдардын семирүүсүндө таасирдүү болду. 

Британия Улуттук саламаттыкты сактоо боюнча тейлөө маалыматтарын изилдеди.  2019 - 2020 - жылдары балдарда балдардын ашыкча семирүү катнашы 10 болгон болсо, 2020 - 2021 - жылдары 14 пайызга жогорулады. Жакыр бөлүктөрдө бул катнаш эки эсеге чыкты. АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алдына алуу борбору да жүргүзгөн изилдөөдө ушундай жыйынтыкка жетти. 

Болжол менен 435 000 баланын маалыматтары изилденген изилдөөдө балдардын дене салмагынын индексинин дээрлик эки эсеге өскөндүгү аныкталган.

Эпидемияга чейин 19 пайыз болгон балдардын семирүү деңгээли Ковид-19 эпидемиясы учурунда 22 пайызга чейин өстү. Адистердин айтымында, семирүүнүн күчөшүнө эпидемия учурунда киргизилген коменданттык сааттар себеп болууда.

Бул мезгилде балдар кыймылсыз болушуп, компьютерлерди, планшеттерди жана телевизорлорду колдонуу күч алды. Майда  - барат, пайдасыз  тамактануу да семирүүнүн себептеринин бири болгон.



Тектеш кабарлар