Йемен өкмөтү БУУнун Коопсуздук кеңешинен колдоо көрсөтүүнү суранды

Йемендин расмий агенттиги SABAнын кабарына караганда, тышкы иштер министри Ахмед бин Мубарак Йемендин БУУнун Коопсуздук кеңешинин 5 туруктуу мүчөсүнүн элчилери менен жолугушту.

1735034
Йемен өкмөтү БУУнун Коопсуздук кеңешинен колдоо көрсөтүүнү суранды

Йемен өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнөн өлкөдөгү экономикалык кризис менен күрөшүү үчүн колдоо көрсөтүүнү суранды.

Йемендин расмий агенттиги SABAнын кабарына караганда, тышкы иштер министри Ахмед бин Мубарак Йемендин БУУнун Коопсуздук кеңешинин 5 туруктуу мүчөсүнүн элчилери менен жолугушту.

Жолугушууда Бин Мубарак Йемен риалынын курсунун төмөндөшү өлкөдөгү гуманитардык абалды начарлатканын айтып, өкмөт экономикалык кризис менен күрөшүүдө кыйынчылыктарга туш болгонун айтты.

Бин Мубарак Йемен риалынын чет элдик валюталарга карата арзандоосун токтотуу үчүн өкмөткө экономикалык колдоо көрсөтүүнүн жана Борбордук банкка керектүү колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Бир тараптан Йемендин түштүгүндөгү Лахиж провинциясында жүздөгөн адамдар жашоонун кымбаттыгына жана Йемен риалынын арзандашына нааразылык билдиришти.

Йемендик активисттердин чакырыгы менен Лахиждин Аль-Хабилин шаарында өткөн демонстрацияда баалардын ашыкча көтөрүлүшүнө реакцияны билдирген плакаттар көтөрүлгөн.



Тектеш кабарлар