АКШ Ливанга 6 тик учак берди

Тапшырылган 6 даана тик учактын баасы 40 миллион доллар экени белгиленди.

1735077
АКШ Ливанга 6 тик учак берди

Ливан армиясы, Америка Кошмо Штаттарынан (АКШ) аскердик жардам үчүн берилген 6 аскердик тик учакты азем менен тапшырып алды.

АКШнын Бейрут элчилигинин интернет сайтында жарыяланган маалыматка караганда, өлкөнүн түндүгүндөгү «Хамат» аскердик базасында өткөрүлгөн тапшыруу аземине Ливандын башкы штабынын төрагасы Жозеф Авн жана АКШнын Бейрут элчиси Дороти Ши катышты.

Тапшырылган 6 даана MD-530F скауту жана жеңил чабуулчу тик учактын баасы 40 миллион доллар экени белгиленди.

АКШда президент Жо Байдендин администрациясы 9-сентябрда Ливандын армиясын жакшыртуу үчүн 47 миллион долларлык аскердик жардам пакетин бекиткен болчу.



Тектеш кабарлар