Дүйнөдөгү өсүмдүк жана жаныбар түрлөрү жок болуу коркунучунда

Дүйнөдө 1 миллиондон ашык өсүмдүк жана жаныбарлардын түрлөрү жок болуп кетүү коркунучунда.

1734247
Дүйнөдөгү өсүмдүк жана жаныбар түрлөрү жок болуу коркунучунда

Женевадагы Эл аралык жаратылышты коргоо биримдигинин (IUCN) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө  жок болуу коркунучунда турган өсүмдүк жана жаныбар түрлөрү тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө  жаратылыштагы 8 400 өсүмдүк жана жаныбар түрүнүн коркунуч астында  экендиги, 30 000ге жакын түрдүн коргоосуз экени билдирилди.

Ошондой эле жок болуу коркунучунда турган түрлөрдүн  2022 - жылы Бириккен Улуттар Уюмунун дүйнөлүк жапайы жаратылыш күнүндө күн тартибине коюлушу керектиги белгиленип : «Божомолдорго караганда  дүйнөдөгү 1 миллион түр жок болуу коркунучу менен карама  - каршы»,- деп билдирилди.

Жыл сайын 3 - мартта белгиленүүчү Бириккен Улуттар Уюмунун дүйнөлүк жапайы жаратылыш күнүнүн 2022 - жылдагы темасы «Экосистеманы жакшыртуу үчүн маанилүү түрлөрдү сактоо» деп аныкталды.



Тектеш кабарлар