АКШнын жардамы Украинага жетти

АКШ быйыл Украинага 250 миллион доллар жана кошумча 60 миллион долларлык эл аралык коопсуздук жардамын көрсөтүүгө макул болгон.

1733951
АКШнын жардамы Украинага жетти

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) тышкы техникалык колдоо пакетинин төртүнчү бөлүгү Украинага жетти.

АКШнын Киевдеги элчилигинин Фейсбук баракчасындагы билдирүүдө, 80 миң килограммдык ок-дарылардын Украинага жеткени белгиленди.

Билдирүүдө бул жардамдын 60 миллион долларлык кошумча жардамдын төртүнчү бөлүгү экени белгиленип, АКШнын Украинага 2014-жылдан бери 2,5 миллиард доллардан ашуун коопсуздук жардамын бергенине көңүл бурулду.

АКШ быйыл Украинага 250 миллион доллар жана кошумча 60 миллион долларлык эл аралык коопсуздук жардамын көрсөтүүгө макул болгон.



Тектеш кабарлар