Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун конференциясында жетишилген макулдашуу

Шотландиянын Глазго шаарында өткөн БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча 26-конференциясында (COP26) кээ бир каршылыктарга карабастан, сүйлөшүүлөргө бардык катышуучу өлкөлөр кол коюшту.

1733593
Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун конференциясында жетишилген макулдашуу

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясында келишимге жетишилди.

Шотландиянын Глазго шаарында өткөн БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча 26-конференциясында (COP26) кээ бир каршылыктарга карабастан, сүйлөшүүлөргө бардык катышуучу өлкөлөр кол коюшту.

Келишимге жетишүү мөөнөтү жума күнү аяктаганы менен долбоор текстиндеги фоссилдик күйүүчү майларга байланыштуу билдирүүдөгү пикир келишпестиктен улам токтоп калган сүйлөшүүлөр оңдоолор менен аяктады.

Долбоордун текстиндеги «өлкөлөр азайбаган көмүр энергиясын жана натыйжасыз казылып алынган отун субсидияларын баскычтуу түрдө токтотууну тездетиши керек» деген сөз «баскычтуу түрдө кыскартууга» деп өзгөртүлдү.

Кээ бир Европа жана арал өлкөлөрү; Кытай менен Индиянын катуу каршылыктарынын натыйжасында жасалган өзгөртүүгө капа болгонун билдиргени менен текстти кабыл алды.

Келишимге жетишилгенден кийин сүйлөгөн сөзүндө COP президенти Алок Шарма «өзүнүн терең көңүлү калганын түшүнөрүн» айтып, бирок келишимди сактап калуу дагы эле маанилүү экенин баса белгиледи.

Фиджи арал өлкөсүнүн делегациясы тарабынан жасалган билдирүүдө «алар бир гана таң калбастан, ошондой эле абдан капаланышканы» белгиленген.

«Бул бизди 1,5 градуска жакындатуунун ордуна ошол максатка жетүүбүздү кыйындатат»,- деп айтылды.

Бирок, казылып алынган отун биринчи жолу БУУнун климаттык келишиминде айтылган болду.

Жетишилген макулдашууда өлкөлөр глобалдык температуранын өсүшүн өнөр жай төңкөрүшүнө чейинкиге салыштырмалуу 1,5 градус Цельсийге чейин чектөө үчүн келерки жылдын аягына чейин 2,30 чыгарууну азайтуу максаттарын күчөтүүнү макулдашты.



Тектеш кабарлар