В. Путин Беларусия - Польша чек арасында мигрант кризиси туралуу билдирди

Россиянын президенти В. Путин Беларусия  -  Польша чек арасындагы миграция кризисин батыштык өлкөлөрдүн жараткандыгын белгиледи.

1733465
В. Путин Беларусия  -  Польша чек арасында мигрант кризиси туралуу билдирди

Россиянын президенти В. Путин Беларусия  -  Польша чек арасындагы миграция кризисин батыштык өлкөлөрдүн жараткандыгын белгиледи.

Путин Россия  - 1 мамлекеттик телекөрсөтүү каналындагы бир программада кризис тууралуу Беларусиянын президенти Александр Лукашенко менен Германиянын канцлери Ангела Меркелдин бири бири менен сүйлөшпөгөндөрүн эске салып : «Бирок Лукашенко жана канцлер Меркель бири бири менен сүйлөшүүгө даяр. Мунун жакын бир келечекте ишке ашарын жана Европа Биримди менен Европа Биримдигинин алдыңкы өлкөлөрү менен жок эле дегенде, эки өлкөнүн ортосундагы Федеративдик Республика менен  Беларусиянын ортосунда  мындай түздөн түз байланыштын түзүлүшүнүн мүмкүн экендигин ойлоп жатам. Бул абдан маанилүү, анткени мигранттар Германияга бара жатышат»,- деди.

Мигрант кризисинин кайдан келип чыкканын унутпаш керек экенине көңүл бурган Путин: «Булар батыштык өлкөлөрдүн,  европалык өлкөлөрдүн өздөрү тарабынан жаратылган себептер. Булар саясий, аскердик жана экономикалык мүнөздө. Аскердик мүнөз анткени баары Иракта аскердик операцияларга катышты жана эми Ирактан көп сандаган күрт чек арада. 20 жыл Афганистанда согушушту эми болсо чек арада дагы көп афган бар. Беларусиянын муну менен эч байланышы жок»,- деди.

Путин Беларусия менен Европанын алдыңкы өлкөлөрүнүн арасында түздөн түз байланыштын бул маселени чечүүгө жардамчы болорун ойлогондугун билдирди.

Россиянын бул мигранттар кризиси менен байланышынын жок экендигин баса белгилеген Путин бул жагдайда өздөрүнө эч бир себеп көрсөтпөстөн жоопкерчилик жүктөлүүгө аракет кылынгандыгын бирок Россиянын авиация фирмаларынын бул кишилерди ташыбагандыгын айтты.



Тектеш кабарлар