Болгария менен Румыниянын өлүкканаларында орун калган жок
Румыния менен Болгарияда Ковид-19 вакцинасы тууралуу туура эмес маалыматтан улам эмдөө көрсөткүчтөрү төмөн.
Европа Биримдигинде (ЕБ) эмдөө көрсөткүчү эң төмөн болгон Болгария менен Румынияда коронавирустан (Ковид-19) өлүмдөрдүн көп болушуна байланыштуу өлүкканаларда орун жок экени жарыяланды.
Болгарияда өлүм көрсөткүчү Евробиримдиктин орточо көрсөткүчүнөн 7 эсе өстү.
Румынияда болсо орточо суткалык өлүмдүн деңгээли өткөн аптада Португалия, Франция же Испаниядагыдан 30 эсе жогору болуп 23,7ге көбөйдү.
Румыния менен Болгарияда Ковид-19 вакцинасы тууралуу туура эмес маалыматтан улам эмдөө көрсөткүчтөрү төмөн.
Румыниядагы өлүкканалар Ковид-19 өлүмүнө толгондон кийин Бухарест университетинин ооруканасынын башчысы Каталин Цирстоиу: «Румынияда күн сайын бир айыл жок болууда. Бир жума же бир айдан кийин мындан да чоң жоготуулар болобу? Шаар жок болобу? Кайда токтойбуз?"»,-деди.