Европада Ковид - 19дан каза болгондордун саны 10 пайызга өстү

Европада Ковид  - 19дан каза болгондордун саны бир жума мурункуга караганда 10, бейтап санынын 7 пайызга өскөндүгү билдирилди.

1732566
Европада  Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 10 пайызга өстү

Европада Ковид  - 19дан каза болгондордун саны бир жума мурункуга караганда 10, бейтап санынын 7 пайызга өскөндүгү билдирилди.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун жумалык отчетунда жалпы дүйнө жана аймактарга байланыштуу кенен маалыматтарга орун берилди.

Отчетто жалпы дүйнөдө 1 – 7 -  нобярда бейтаптарда 1 пайыздык өсүүнүн болгондугу байкалды жана 3, 1 миллиондон ашуун жаңы бейтап билдирилди.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун Европа аймагы бир жыл мурдагы жумага салыштырганда жаңы жумалык бейтаптарда 7 пайыздык өсүнүн болгондугун билдирип, башка аймактарда төмөндөө же туруктуулук тенденциялары байкалгандыгын маалымдады.

Ошол сыяктуу эле, Европа аймагы жаңы өлүмдөрдүн 10 пайызга көбөйгөнүн кабарлап, ал эми башка аймактар ​​азайгандыгын билдирди.

Дүйнө жүзүндө 48000ден ашуун жаңы өлүм катталды, бул мурунку жумага салыштырмалуу 4 пайызга аз.



Тектеш кабарлар