Араб коалициясы хусилерге сокку урду

Сауд Арабия жетектеген араб коалициясы Йемендин түндүгүндө хусилер көзөмөлдөгөн аймактардагы аскердик буталарга сокку урганын жарыялады.

1732430
Араб коалициясы хусилерге сокку урду

Сауд Арабия жетектеген араб коалициясы Йемендин түндүгүндө хусилер көзөмөлдөгөн аймактардагы аскердик буталарга сокку урганын жарыялады.

Сауд Арабиянын SPA кабар агенттигинин кабарына караганда, коалициянын басма сөз катчысы Турки ал - Малики Сана жана Саде провинцияларындагы хусилердин курал кампаларын, баллистикалык ракеталарды жана учкучсуз аба аппараттарды атып түшүрүшкөнүн жарыялады.

Булардын мыйзамдуу аскердик буталар экенин белгилеген Малики: "Хуси куралдуу күчтөрүнүн  чек ара тышындагы кол салуулары керексиз,  биз сабырдуулукту сактап жатабыз",- деди.  

Бир тараптан хусилердин билдирүүсүндө коалиция күчтөрнүн бүгүн эрте менен Сана, Умран жана Саде провинцияларына абадан сокку ургандыгы белгиленди.

Хусилерге караштуу  болгон аль - Масире телеканалы да твиттерден  кол салуулар тууралуу жарыялап, коалицияга караштуу аба күчтөрүнүн Сананын ар башка жерлерине 5 кол салуу жасаганын жарыялады.



Тектеш кабарлар