Нигерияда болуп жаткан зомбулуктан улам бир жылда 1 миллион киши жер которгон

Качкындар, мигранттар жана жер которгондор комиссиясынын комиссары (NCFRMI) Иман Сулайман - Ибрахим 500 000ден ашуун кишинин коңшу өлкөлөргө баш калкалаганын айтты.

1732147
Нигерияда болуп жаткан зомбулуктан улам бир жылда 1 миллион киши жер которгон

Качкындар, мигранттар жана жер которгондор комиссиясынын комиссары (NCFRMI) Иман Сулайман - Ибрахим Нигериянын  ар кайсы аймактарында уланып жаткан зомбулуктан улам 12 айда 1 миллион кишинин үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгонун билдирди.

Сулайман - Ибрахим аталган аймактарда жер которгондордун лагерлер жана айланасындагы мектептерде баш калкалаганын белгилеп, 500 000ден ашуун кишинин коңшу өлкөлөргө баш калкалаганын айтты.

Нигериядагы ушуга окшогон кризистен улам жер которгон киши санынын көбөйүшү тынчсыздандыруучу экендигин айткан Сулайман  -  Ибрахим : "Акыркы бир жылда 1 миллион кишинин жер которушу коркутуучу абал",- деди. 

Сулайман  -  Ибрахим өкмөт баштаган Кайрадан отурукташтыруу, шаардык өрүгүү долбоорунун негизинде жер которгон бул кишилерге азык  - түлүк жана керектүү буюмдардын жиберилгендигин билдирди.


 

 

 



Тектеш кабарлар