Путин менен Лукашенко сүйлөшүү өткөрдү

Кремлдин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Путин менен Лукашенконун телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалымдалды.

1731576
Путин менен Лукашенко сүйлөшүү өткөрдү

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Беларустун президенти Александр Лукашенко, Беларустун Польша жана Литва чек арасындагы мыйзамсыз мигранттардын абалын талкуулашты.

Кремлдин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Путин менен Лукашенконун телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалымдалды.

Сүйлөшүүдө 4-ноябрда эки лидер бекиткен «Союздук мамлекет» программасынын алкагында эки тараптуу мамилелердин талкууланганы кабарланган билдирүүдө: «Эки лидер Беларусь-Польша жана Беларусь-Литва чек арасындагы мыйзамсыз мигранттардын абалы боюнча да пикир алышты» деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар