Нигерде мектепте өрт: 25 окуучу каза болду
Өлкөдө 3 күндүк улуттук аза күтүү жарыяланды.
1731369
Нигердин түштүгүндөгү Маради шаарында мектепте чыккан өрттөн 25 окуучу каза болду.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Маради аймагынын губернатору Чайбу Абубакар, мектепке чейинки билим алган 5-6 жаштагы 25 баланын өрттөн каза болгонун билдирди.
5и оор 14 окуучунун да жаракат алгандыгын белгилеген Абубакар бүгүнтөн баштап 3 күндүк улуттук аза күтүү жарыяланганын билдирди.
Өрттүн себеби белгисиз бирок класстардын саман менен курчалгандыктан жалындын тездик менен жайылып кеткени айтылууда.
Дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүнүн бири болгон Нигерде жыгач материалдар да колдонулган самандан жасалган класстар кеңири таралган.