Нигерде алтын кениндеги кырсыктан көп сандаган адам каза болду
Жетекчилер урандылардын астынан 25 жансыз дененин чыгарылганын кабарлашты.
1731295
Батыш Африка өлкөсү Нигерде алтын кенинин урап калышынан 25 киши каза тапты.
Кыйроо өлкөнүн Маради аймагындагы Кондаго айылында жайгашкан шахтада болду.
Жетекчилер урандылардын астынан 25 жансыз дененин чыгарылганын кабарлашты. Окуя болгон жерде иликтөөлөр жүрүп жатканда шахтада ондогон жумушчулардын чыга албай калганы билдирилди.
Издөө-куткаруу иштери техниканын жетишсиздигинен үзгүлтүккө учураганы белгиленди.
Маалым болгондой, бул аймакта мыйзамсыз шахталар көп.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.