Ооганстанда ДЕАШтын 25 мүчөсү багынып берди

Талибан башкаруусунун Нангархар губернаторлугунан жасалган билдирүүдө шаардын Кот жана Спин Гар райондорунда террордук уюм ДЕАШка мүчө 25 киши багынып бергени маалымдалды.

1730443
Ооганстанда ДЕАШтын 25 мүчөсү багынып берди

Ооганстанда террордук уюм ДЕАШтын 25 мүчөсү Талибан бийлигине багынып берди.

Талибан башкаруусунун Нангархар губернаторлугунан жасалган билдирүүдө шаардын Кот жана Спин Гар райондорунда террордук уюм ДЕАШка мүчө 25 киши багынып бергени маалымдалды.

Билдирүүдө багынып берген ДЕАШтын мүчөлөрүнүн шарт менен бошотулганы билдирилип, бул адамдардын кайрадан террордук иш-аракеттерди жасоону пландаса эч качан кечирилбей турганы белгиленди.

Бир тараптан 31-октябрда Нангархар аймагындагы 65 ДЕАШ мүчөсүнүн уруу аксакалдарынын арачылыгы менен Кот жана Баткот райондорундагы чалгындоо бөлүмдөрүнө багынып бергени жарыяланды.

Бүгүн түшкө маал Нангархар провинциясынын борбору Жалалабад шаарында катары менен эки жардыруудан кеминде 3 адам набыт болду.

Террордук уюм ДЕАШ талибдер 15-августта өлкөнү көзөмөлгө алгандан кийин кол салууларын көбөйттү.

ДЕАШтын таянычы катары таанылган Нангархарда уюм мүчөлөрү Талибан мүчөлөрүн бутага алган 8ден ашуун куралдуу жана бомбалуу кол салууларды ишке ашырышты.

Мындан тышкары ДЕАШ тарабынан 15-августтан бери Кабулда эки, Кундузда бир жана Кандагарда төрт ири кол салууда 250дөн ашуун киши каза болду.



Тектеш кабарлар