Иран 29 - ноябрда өзөктүк сүйлөшүүлөргө кайтарын билдирди

Иран Австриянын борбор шаары Венадагы өзөктүк келишимге кайтуу сүйлөшүүлөрүнүн  29 -  ноябрда кайрадан башташарын жарыялады.

1729237
Иран 29 -  ноябрда өзөктүк сүйлөшүүлөргө кайтарын билдирди

Иран Австриянын борбор шаары Венадагы өзөктүк келишимге кайтуу сүйлөшүүлөрүнүн  29 -  ноябрда кайрадан башташарын жарыялады.

Ирандын Тышкы иштер министринин орун басары жана Ирандын Вена сүйлөшүүлөрүнө жетекчилик кылган Али Бакыри Кени соцтармактан берген билдирүүсүндө өзөктүк сүйлөшүүлөрдү 29 -  ноябрда башташарын билдирди.

Кени Европа Биримдигинин жалпы тышкы жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Энрике Мора менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтып : «Биз АКШнын мыйзамсыз жана катаал санкцияларын жоюу максатында 29 - ноябрда Венада өзөктүк сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону чечтик",- деди.

Бир тараптан Иран менен өзөктүк келишимдин толук аткарылышы жана АКШнын келишимге кайтуусу темасында биргелешкен комплекстүү аракет планы (JCPOA) деп аталган сүйлөшүүлөр 6 - апрелде башталган. Иранда июнь айында болгон президенттик шайлоодон улам АКШ да кыйыр түрдө катышкан өзөктүк келишимге кайра кайтуу боюнча сүйлөшүүлөр токтотулган.

 

 



Тектеш кабарлар