Азык-түлүктүн дүйнөлүк баасы 2011-жылдын июлунан бери эң жогорку деңгээлде

Азык-түлүк бааларынын индекси октябрь айында сентябрга салыштырмалуу 3,9 пайызга өстү.

1729442
Азык-түлүктүн дүйнөлүк баасы 2011-жылдын июлунан бери эң жогорку деңгээлде

Азык-түлүктүн дүйнөлүк баасы 2011-жылдын июлунан берки эң жогорку чекке жеткени кабарланды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) маалыматына караганда, азык-түлүк куржунундагы эл аралык баалардын ай сайын өзгөрүшүн көзөмөлдөгөн Уюмдун Азык-түлүк бааларынын индекси октябрь айында сентябрга салыштырмалуу 3,9 пайызга өстү. Азык-түлүк бааларынын дүйнөлүк барометри 2011-жылдын июлунан берки эң жогорку чекке жетти.

ФАОнун дан баасынын индекси да ушул эле мезгилде 3,2 пайызга өстү. Канада, Орусия жана Америка Кошмо Штаттары (АКШ) сыяктуу негизги экспортчуларда түшүмдүн азайышы дүйнөлүк талапты бууп койгондуктан буудайдын дүйнөлүк баасы 5 пайызга кымбаттады. Бардык берки негизги дан эгиндеринин эл аралык баасы да ай сайын жогорулады.

Өсүмдүк майынын баасынын индекси да 9,6 пайызга өсүп, болуп көрбөгөндөй жогорку көрсөткүчкө жетти. Бул абал пальма, соя, күн карама жана рапс майына баалардын кескин жогорулашынан келип чыкты.

Сүт азыктарынын бааларынын индекси болсо сентябрь айына салыштырмалуу октябрда 2,6 пайыздык пунктка жогорулады.  



Тектеш кабарлар