Астероид Жерге жакын жерден өттү

Астероиддин келишин эч ким билген эмес.

1729509
Астероид Жерге жакын жерден өттү

Окумуштуулар бир муздаткычтын  көлөмүндөгү  астероиддин Жерге абдан жакын жерден өткөндүгүн жарыялашты. Бирок астероиддин келишин эч ким билген эмес.

Өткөн аптада Антарктика тарабында 3000 километр аралыкты басып өткөн астероид планета менен кагылышпай жакындаган үчүнчү эң жакын астероид болду.

Окумуштуулар Жерге абдан жакындаган 2021 UA1 деп аталган астероидден кабарсыз болушкан. Себеби астеориддин Жердин күндүз бөлүгүнө Күн багытынан жакындашы болгон. Окумуштуулар астероиддердин өткөнүн 4 сааттан кийин гана аныктай алышты.

Диаметри 2 метр болгон UA1 коркунуч туудурба      й турганчалык кичинекей болгондуктан кооптонуу жараткан жок.

UA1 Жер менен кагылышса да денесинин чоң бөлүгү жерге түшпөстөн атмосферада күйүп жок болмок.

 



Тектеш кабарлар