Пакистанда автобус коктуну көздөй кулап кетти,каза болгондор бар

Алгачкы аныктамалар боюнча кырсыктан 23 адам каза болгон.

1728744
Пакистанда автобус коктуну көздөй кулап кетти,каза болгондор бар

Пакистандын Азад Жамму Кашмир аймагында жүргүнчү ташыган автобус коктуга кулап түшүп, алгачкы маалыматтарга караганда 23 адам каза болду.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын кабарлашынча, 30дан ашык жүргүнчүсү бар автобус Азад Жамму Кашмирден Равалпиндиге багыт алгандан кийин белгисиз себептерден улам Палландри аймагындагы коктуга кулап түшкөн.

Алгачкы аныктамалар боюнча кырсыктан 23 адам каза болгон.

Аймакта издөө-куткаруу иштери уланууда.



Тектеш кабарлар