Le Figaro: Түркиянын учактарына Кыргызстан да кызыкдар

Кабарда: «Түркия он жылдын ичинде АКШ, Израил жана Кытай менен биргеликте дүйнөнүн алдыңкы пилотсуз учак өндүрүүчүлөрүнүн бирине айланды»,-деп билдирилди.

1728941
Le Figaro: Түркиянын учактарына Кыргызстан да кызыкдар

Франциянын «Le Figaro» гезити Түркиянын он жылдын ичинде АКШ, Израиль жана Кытай менен биргеликте куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар боюнча дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн бири болгонун жазып чыкты.

«Le Figaro» гезитинин кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын «таасир чөйрөсүн кеңейтүү» үчүн Ливия жана Карабахта ийгиликтүү болгон куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарды сатуу келишимдерин жогорулатканы белгиленди.

Азербайжан, Украина, Польша жана Мароккодон кийин Кыргызстандын да куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарга кызыкдар экени белгиленген кабарда: «Түркия он жылдын ичинде АКШ, Израил жана Кытай менен биргеликте дүйнөнүн алдыңкы пилотсуз учак өндүрүүчүлөрүнүн бирине айланды»,-деп билдирилди.

Кабарда түрк куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарынын таасирдүү жана согуштук учактарга караганда 20 эсе арзан экени белгиленди.



Тектеш кабарлар