Аль-Мишри: «Түркия менен кол койгон келишим болбосо, бүгүн шайлоо тууралуу сүйлөшө алмак эмеспиз»

Мишри борбор шаар Триполиде басма сөз өкүлдөрү менен өткөргөн жолугушууда Ливияда 24-декабрда өткөрүлүшү пландалган президенттик жана парламенттик шайлоолор тууралуу баа берди.

1728979
Аль-Мишри: «Түркия менен кол койгон келишим болбосо, бүгүн шайлоо тууралуу сүйлөшө алмак эмеспиз»

Ливиянын Жогорку мамлекеттик кеңешинин (МЖК) төрагасы Халид аль-Мишри, Түркиянын Ливия өкмөтү менен кол койгон келишимдердин негизинде мыйзамдуу өкмөткө колдоо көрсөткөнүн белгилеп: «Түркия жана Катардан башка бардык өлкөлөр (Хафтердин) Триполи кол салууларына көз жумду. Түркия менен кол койгон келишимибиз болбосо, бүгүн Ливиядагы шайлоо тууралуу сүйлөшө алмак эмеспиз»,-деди.

Мишри борбор шаар Триполиде басма сөз өкүлдөрү менен өткөргөн жолугушууда Ливияда 24-декабрда өткөрүлүшү пландалган президенттик жана парламенттик шайлоолор тууралуу баа берди.

Ал Ливиянын 24-декабрдагы шайлоодо, төңкөрүш болуу ыктымалынан улам өлкөдө конституциясыз президент шайланып калуусунан «чындап коркуп» турганын айтты.

Өлкөнүн чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифа Хафтардын шайлоо мыйзамын бурмалоо менен шайлоого кирүүгө аракет кылганына көңүл бурган Мишри: «Биз кош жарандыгы бар жана аскердик ишмерлердин шайлоого катышуусуна уруксат берүүдөн баш тартабыз», - деди.

Мишри ошондой эле Халифа Хафтардын саясий өнөктөшү Акиле Салих башкарган Тобрук Өкүлдөр палатасынын (TӨП) мыйзам чыгаруу органы эмес, саясий тарап экенин жана Конституциялык комиссиянын чечими менен жоюлган бир мекеме экенин айтты.

Мамлекеттик Жогорку Кеңештин төрагасы, айрыкча  Ливиянын Жогорку шайлоо комиссиясынын төрагасы Имад эс-Сайхти да 24-декабрдагы шайлоодо президенттикке талапкер болуу үчүн Хафтарды коргогону үчүн айыптап, мындай деди: «Кош жарандыгы барлардын талапкерлигин четке кагып жатабыз. Сайх мырза алсыздык менен Хафтерди коргоп, Хафтардын башка улуту жок, Американын жашыл картасы гана бар дейт. Аскерлердин талапкерлиги үчүн да "Түштүк Америка өлкөлөрүнүн биринде мунун мисалы бар»,-деди. Бул акылга сыйбаган нерсе. Бул коргонуу биз үчүн үлгү эмес. Демократиялык кайсы өлкөдө болбосун аскерлер президенттикке түздөн-түз талапкер боло албайт».



Тектеш кабарлар