Зеленский: «Донбасс менен Крым экологиялык бомба»

Зеленский Шотландиянын Глазго шаарында өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Климаттын өзгөрүшү боюнча 26-конференциясында (COP26) сөз сүйлөдү.

1727846
Зеленский: «Донбасс менен Крым экологиялык бомба»

Украинанын президенти Владимир Зеленский Донбасс менен Крымдын Европанын борборундагы эки экологиялык бомба экенин айтты.

Зеленский Шотландиянын Глазго шаарында өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Климаттын өзгөрүшү боюнча 26-конференциясында (COP26) сөз сүйлөдү.

Украинанын Париж келишимине Европада биринчилерден болуп кол койгон өлкөлөрдүн бири экенин белгилеген Зеленский, максаттарынын 2030-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын 65 пайызга кыскартуу экенин айтты.

Зеленский глобалдык жылуулукту жеңүү үчүн «ишеним жыл сайын бираз азайып бараткан эл аралык мамилелердин глобалдык жылууланууга муктаж» экенине басым жасап, кээ бирлери үчүн келишимдердин жөн эле сөз болгондуктан мааниси жок болуп калганына көңүл бурду.

1994-жылы Украинанын аткарылбай калган айрым коопсуздук кепилдиктерин алганын эске салган украин лидери: «Европанын борборуна Донбасс жана басылып алынган Крым катары эки экологиялык бомба түштү»,-деди.

Зеленский теңдешсиз флорага ээ болгон Крымдын Орусиянын деңиз базасына айланганын жана Донбасстын кээ бир аймактарынын минага толуп калганын белгилеп, бул абалдын бүткүл дүйнө үчүн коркунуч экенин билдирди.



Тектеш кабарлар