Лидерлер 2030 - жылга чейин токойлордун жоголушун токтотууга убада беришти

Табигый турмушту коргоо фондунун Глобалдык токойчулук боюнча лидер Франс Прайс декларация тууралуу билдирди.

1728046
Лидерлер 2030 -  жылга чейин токойлордун жоголушун токтотууга убада беришти

БУУнун Климаттык алмашуу боюнча алкактык конвенциясынын 26 – тараптар конференциясында 100дөн ашуун лидер 2030 -  жылга чейин токойлордун жоголушун токтотууга убада беришти.

Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (COP26) тараптарынын 26 - конференциясында 100дөн ашык лидер 2030 - жылга чейин токойлордун жоголушун токтотууну убада кылышты.

Шотландиянын Глазго шаарында «Лидерлердин токой жана жерди пайдалануу декларациясына» кол койгон лидерлер бул максатка 12 миллиард долларлык мамлекеттик жана 7, 2 миллиард долларлык жеке сектордун каржылоосун которууну убада кылышты.

Декларацияда, токойлорду жана башка жер үстүндөгү экосистемаларды коргоо жана калыбына келтирүүнү тездетүү, туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүүчү улуттук соода саясатын ишке ашыруу жана айылдык жашоо каражаттарын өнүктүрүү аркылуу туруктуулукту жогорулатуу, туруктуу айыл чарбасын жана азык - түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча саясатты иштеп чыгуу, жергиликтүү жамааттарды колдоо жана каржылоонун эл аралык максаттарга шайкеш келишин камсыз кылуу убада кылынды.

Табигый турмушту коргоо фондунун Глобалдык токойчулук боюнча лидери Франс Прайс декларация  тууралуу билдирүүсүндө токойлорду кыюну токтотуу үчүн алынган милдеттенмелердин тез арада аткарылышы керектигин белгилеп : «Токойлор адамдын, экономикалык жана социалдык жыргалчылыгы үчүн маанилүү экосистемалык кызматтарды көрсөтүүдө бирок токойлордо тынчсыздантуучу көлөмдөгү  жоготуу уланууда»,- деди.  

Өкмөттөрдүн катышуусу, эсеп берүү жана тактыкты арттыруу менен жер жана токой башкаруучулугун жакшыртуу аракеттерин ылдамдатуусу керектигин белгилеген Прайс : «Биз өкмөттөрдү токой жана жерди пайдалануу боюнча бүгүн жарыяланган милдеттенмелерди амбициялуу, мөөнөттүү максаттар жана бул максаттардын иликтениши менен ырасталышы үчүн биргелешкен так бир алкак менен  толуктоого чакырабыз. Текке кетире  турган убактыбыз жок»,- деди.

 



Тектеш кабарлар