Марзук: «Түркия Кудс жана анын келечеги боюнча эң маанилүү ролду ойнойт»

Абу Марзук Стамбулда Азия жана Жакынкы Чыгыш форуму уюштурган Биринчи Эл аралык Кытай-Палестина конференциясынын алкагында билдирүү жасады.

1726968
Марзук: «Түркия Кудс жана анын келечеги боюнча эң маанилүү ролду ойнойт»

Хамастын Саясий бюросунун мүчөсү Муса Абу Марзук Түркиянын Кудс жана анын келечеги боюнча эң маанилүү ролду ойногонун белгиледи.

Абу Марзук Стамбулда Азия жана Жакынкы Чыгыш форуму уюштурган Биринчи Эл аралык Кытай-Палестина конференциясынын алкагында билдирүү жасады.

Палестина баш болгон аймактагы эркиндик маселелери менен Түркия, Иран, Пакистан жана Кытайдын кызыкчылыктарынын ортосунда орток бир нерсе болушу керектигине көңүл бурган Хамас жооптуусу: «Аймактын келечеги Кудс боюнча жаңжал менен байланыштуу жана Түркия Кудс жана анын келечеги боюнча эң маанилүү ролду ойнооодо»,-деди.

Кытайдын өсүп келе жаткан күч катары өзгөчө Палестинадагы эркиндик күрөшүндө маанилүү роль ойногонуна жана Палестина элинин жанында биринчилерден болуп турганына көңүл бурган Абу Марзук сөзүн төмөнкүчө улантты: «Кытайдын аймактагы стратегиялык кызыкчылыктарына байланыштуу саясаттарга ээ болушу маанилүү. Ошондуктан Палестина мамлекетинин негизделиши үчүн Палестина элинин күрөшүн жана жандуу күчтөрүн колдогон саясаттарды чыгарат деп үмүттөнөм».



Тектеш кабарлар