ЕБ Судандагы кырдаал тез арада калыбына келтирилбесе, мунун «олуттуу кесепеттери» болот деп эскертти

Бул маалыматтар Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Борреллдин кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта орун алды.

1725619
ЕБ Судандагы кырдаал тез арада калыбына келтирилбесе, мунун «олуттуу кесепеттери» болот деп эскертти

Европа Биримдиги (ЕБ) эгер Судандагы кырдаал тез арада калыбына келтирилбесе, мунун «олуттуу кесепеттери», анын ичинде өлкөгө каржылык колдоо көрсөтүү маселеси да болорун билдирди.

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Борреллдин кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта ЕБнин Судандагы аскердик төңкөрүш аракетин жана премьер-министрдин, көптөгөн министрлердин жана жарандык коом өкүлдөрүнүн мыйзамсыз камакка алынышын айыптаганы белгиленди.

Судандын Эгемендүүлүк кеңешинин төрагасы генерал Абдулфеттах ел-Бурхандын өлкө боюнча конституциянын негизги беренелерин убактылуу токтотуп, административдик түзүлүштөрдү жоюу менен өзгөчө кырдаал  жарыялаганы белгиленген билдирүүдө: «Эгерде кырдаал тез арада калыбына келтирилбесе, Евробиримдиктин катышуусу үчүн «олуттуу кесепеттер», анын ичинде каржылык колдоо да болот»,деген туюнтмалар колдонулган.

Билдирүүдө Евробиримдик тынч митинг өткөрүү укугун урматтоого, коопсуздук күчтөрү тарабынан ченемдүүлүк менен иш алып барууга, зордук-зомбулукка жана мындан ары кан төгүүгө жол бербөөгө жана адам укуктарын бузган күнөөкөрлөрдү өз аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартууга чакырды.

Билдирүүдө Евробиримдиктин Судандын демократиялык өткөөлүнө күчтүү колдоосу баса белгиленди.

ЕБ кечээ да премьер-министр Абдулла Хамдук менен айрым жарандык администраторлордун армия тарабынан кармалышын айыптаган.

25-октябрда эртең менен Суданда премьер-министр Абдулла Хамдук жана көптөгөн саясатчылар кармалды.

Судандын Эгемендүүлүк кеңешинин төрагасы генерал Абдулфеттах ал-Бурхан мамлекеттик телеканалдан жасаган билдирүүсүндө өзгөчө кырдаал жарыялагандарын, Эгемендүүлүк кеңешинин жана министрлер кабинетинин таратылганын, өлкөнүн бардык катмарларынын өкүлдөрүнөн турган технократиялык өкмөт түзүлө турганын айткан.



Тектеш кабарлар