Нигерияда мечитке куралдуу кол салуу болду

Кол салууда 18 дам каза болду.

1724964
Нигерияда мечитке куралдуу кол салуу болду

Нигериянын Нигер штатында бир мечитке жасалган куралдуу кол салууда 18 адам каза болду.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарга караганда мотоциклчен куралдуу адамдар Нигер штатына караштуу Маза  -  Кука аймагында багымдат намазы үчүн чогулгандарга ок атты. Кол салууда 18 адам каза болуп, көп сандаган адам жаракат алды.

Нигер штатынын полиция комиссары Мондей Куряс билдирүүсүндө, кол салууда 7 кишинин барымтага алынганын жана көптөгөн  мүлккө зыян келтирилгенин айтты.

Куряс аймакка жөнөтүлгөн коопсуздук күчтөрүнүн кол салуучуну жок кылганын белгиледи.

Өлкөдө мотоцикл менен куралчан адамдардын акыркы кол салууларынан улам кээ бир штаттарда мотоцикл колдонууга тыюу салынган.

 

 

 



Тектеш кабарлар