Нигерияда абакка кол салуу болуп камактагы 575 киши качып кетти

Нигериянын Түрмө департаментинин Ойо провинциясынын басма сөз катчысы Оланреважу Анжорин басма сөзгө билдирүү жасады.

1723979
Нигерияда абакка кол салуу болуп камактагы 575 киши качып кетти

Нигериянын Ойо провинциясында абакка куралдуу кол салуудан улам камактагы 575 киши качып кетти.

Нигериянын Түрмө департаментинин Ойо провинциясынын басма сөз катчысы Оланреважу Анжорин басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө кечээ кечинде Аболонго аймагындагы түрмөгө белгисиз куралчан кишилер тарабынан кол салуу болуп, абактагы 837 киши качканын айтты.

Кол салуудан кийин 262 кишинин кармалганын белгилеген Анжорин, камактагы 575 кишинин дагы эле качып жүргөнүн жана бул адамдарды кармоо иштеринин уланып жатканын белгиледи.

Анжорин кол салууда көп кишинин жараланганын белгиледи.

13 -сентябрда Нигериянын Коги провинциясындагы түрмөгө куралчандар кол салып, камактагы 240 киши качып кеткен.



Тектеш кабарлар