Дүйнөдөгү эң чоң карусель Дубайда ачылды

Кечээки ачылыш аземиндеги фейерверктер көз жоосун алды.

1723680
Дүйнөдөгү эң чоң карусель Дубайда ачылды

Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Дубай шаарында дүйнөдөгү эң чоң карусель салтанаттуу азем менен ачылды.

Дубайдын Блювотерс аралында курулган "Дубайдын көзү (Айн Дубай)" деп аталган каруселдин ачылышы болду.

Кечээки ачылыш аземиндеги укмуштуудай фейерверктер көз жоосун алды.

"Дубайдын көзү" деп аталган карусель, капсула түрүндөгү 48 кондиционердүү кабинадан турат.

Бир эле учурда 1750 кишиге кызмат кыла ала турган бийиктиги 250 метрден кем эмес карусель, болжол менен 38 мүнөткө созула турган ар бир турда 360 градус үзгүлтүксүз шаардын көрүнүшүн тартуулайт.

Коноктор шаардын көрүнүшү менен күндүн батышын көрүп, тамактануу жана соода кылуу сыяктуу иш-аракеттерди да жасай алышат.



Тектеш кабарлар